БАЙТУРСУНОВ
БАЙТУРСУНОВ Насыр (айрым документтерде Насир) [17. 11. 1915, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу (азыркы Кыргыз Республикасы, Жайыл району, Көкөмерен айылы – 11. 5. 1995, ошол эле жер] – Даңк орденинин толук кавалери. 1934-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумду бүтүргөндөн кийин мугалим болуп эмгектенген. 29-апрель 1943-жылы Тянь-Шань облусунун Жумгал райондук аскер комисариаты тарабынан Советтик Армиянын катарына чакырылып, ошол эле жылдын май айында Улуу Ата Мекендик согушка жөнөтүлгөн. 3-сокку уруучу армиянын 323-Брянск аткычтар дивизиясынын 1086-аткычтар полкунда сержант, замбиректин наводчиги, командири болуп кызмат өтөгөн. Андан кийин 1- жана 2-Белоруссия фронтторунда салгылашкан. 24. 06. 1944-жылы Белоруссиянын Друть жана Березина дарыяларын кечип өтүүдө Н. Байтурсуновдун расчету көрсөткөн эрдиги үчүн дивизиянын командиринин № 95/н буйругу менен 24. 08. 1944-жылы ага 3-даражадагы, 14. 01. 1945-жылы Висла дарыясын кечип өтүүдө душмандын коргонуусун

бузуп, полкко жол ачкандыгы үчүн сержант Н. Байтурсунов 14. 04. 1945-жылы 2-даражадагы (№ 22935) Даңк ордендерине татыктуу болгон. 17. 04. 1945-жылы Одер дарыясын кечип өтүүдө, ошол эле жылдын 27-апрелинде Швенов кыштагын (Бранденбург жери) бошотуудагы баатырдыктары үчүн ал Советтер Союзунун баатыры наамына көрсөтүлгөн. Бирок СССР Жогорку Советинин президиуму башкача чечим чыгарып, 31. 05. 1945-жылы 1-даражадагы (№ 2994) Даңк ордени менен сыйланган. Ошондой эле Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган. 1945-жылы старшина Н. Байтурсунов айлына кайтып, өмүрүнүн аягына чейин азыркы Чүй облусунун Калинин (азыркы Жайыл) районунун Кожомкул айылында жашаган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.