БАЙСЕИТОВА Куляш Жасын кызы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙСЕИТОВА Куляш (өз аты – Гүлбахрам) Жасын кызы [19. 04 (2.5). 1912, Верный (азыркы Алматы шаары) – 06. 06. 1957, Москва; сөөгү Алма­тыга коюлган] – казак ырчысы (лирика-коло­ратуралык сопрано); казактын опера өнөрүнө негиз салгандардын бири. СССР эл артисти (1936). Байсеитова ыр­чылык ишин көркөм чыг­армачылык ийриминен баштаган. 1934-жылдан музыкалык театр­дын, 1937-жылдан Казак (азыркы Абай атындагы) опера жана балет театрынын солис­ти болгон. Е. Брусиловский­дин «Кыз Жибек», «Эр Тар­гын», М. Түлебаевдин «Бир­жан менен Сара» (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949) жана башка көптөгөн опералардагы башкы партиялар­дын эң алгачкы аткаруучусу. Орус жана Батыш Европа классиктеринин операларын казак улуттук театр сахнасына чыгарууда зор эмгек сиңирген. Байсеитова репертуарында: Татьяна (Чайков­ский, «Евгений Онегин»), Чио-чио-сан (Ж. Пуч­чини, «Чио-чио-сан», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) жана башкалар. Ал ырчы катары өз алдынча концерттерди берген. Казак ССР Жогорку Советинин (1–2- шайланышы) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ор­дендери жана медалдар менен сыйланган.

Куляш Байсеитова «Кыз-Жибек» операсында