БАЙОВАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙОВАР, С е ч у р а – Түштүк Америкадагы фосфориттин ири кени. Перуда. Тынч океандын жээгине жакын Сечура чөлүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан. 1958-жылы ачылган, жер үстүнөн ачык казып алууга болот. Фосфориттин жалпы запасы 816 млн т, эсептелип бекитилгени 262 млн т (Р2О5 – 12-30,5%). Фосфориттер миоцен мезгилинин деңиз чөкмө катмарлары менен байланыштуу. Пайдалуу катмар диатомит, акиташтеги жана кумдуу чополордон түзүлгөн. Калыңдыгы 40 кмге жетип, 12 м тереңдикке чейин уланат. Негизги кенташ участкасынын аянты 48 км 2дей.