БАЙМУНДУЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙМУНДУЗ, И н т е р н а ц и о н а л – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3981 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб, мечит, мончо ж. б. бар.