БАЙЛАНЫШТЫН ИНТЕГРАЛДЫК САНАРИП ТАРМАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШТЫН ИНТЕГРАЛДЫК САНАРИП ТАРМАГЫ – сигналдарды экилик санарип түрүндө кабыл алуучу, таратуучу жана иштеп чыгуучу байланыш тармагы. Ал электрондук интегралдык микросхемалардын негизинде түзүлгөн. Интегралдык микроэлектроника бир жарым өткөргүч кристаллында ар кайсы электрондук функциялык элементтерди өтө тыгыз жайгаштыруу принцибине негизделген. Азыр­кы интегралдык микроэлектроникадагы, компьютер техникасындагы, спутник радио байла­нышындагы өсүш, аналог (үзгүлтүксүз) байла­нышынан кыйла ишенимдүү санариптик бай­ланышка өтүүгө шарт түздү. Натыйжада санариптик телефон байланышы, санарип телекер­сөтүүсү, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы ке­ңири жайылтылды.