БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР – эки же ан­дан көп эркин даражага ээ термелүүчү системалар жыйындысы. Алар бири-бири менен өз ара аракеттенишет жана ар бири бирден эркин дара­жалуу болот. Мындай системага бир же бир нече термелүү контурлары кирет. Аларда бири-бири м-н байланыш болгондуктан, термелүү жана энергия бир контурдан экинчи контурга өтөт. Андагы байланыш жалгыз контурга салыштыр­малуу резонанстык кубулуштун мүнөзүн өзгөр­төт. Байланышкан системаларда качан сырткы таасирдин жышты­гы бүткүл системанын өздүк жыштыгынын бирине дал келгенде резонанс пайда болот. Мисисалы, эки контурдан турган байланышкан системаларда резонанс эки ар кандай жыштыкта пайда болот.