БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ – байланышты камсыз кылуучу негизги пунктта жайгаштырылган ар кандай байланыш каражатынын комплекси. Ал бир аймактагы калкты, ишканаларды, мекеме­лерди, уюмдарды радио уктуруу, почта, телефон жана телеграф байланыштары боюнча тейлеп, гезит­, журнал, пенсия таркатуу иштерин аткарат. Шаар аралык телефон жана телеграф байланыштарын жүргүзүү үчүн айрым шаарларда транзит байланыш түйүнү курулат. Аскер байланыш түйүнү радио түйүнүнөн, телеграф жана телефон станциясынан, кабар жый­ноо жана билдирүү пунктунан, байланыш самолётунан, вертолётунан ж. б. турат. Аскер байланыш түйүнү ту­руктуу жана убактылуу болуп бөлүнүп, убакты­луу байланыш түйүнү командалык, байкоо жүргүзүлүүчү жана тылдагы башкаруу орундарында түзүлөт.