БАЙЛАНЫШ СПУТНИГИ
БАЙЛАНЫШ СПУТНИГИ – Жердин жасалма жандоочусу. Электр-магнит талаасынын таралышы аркылуу телефондук байланышты, теле берүүлөрдү жана ар кандай маалыматтарды бүткүл дүйнөгө таратууну камсыз кылат. Электр-магнит талаасынын микротолкундар арымында (диапазонунда) аябагандай көп маалыматтарды берүүгө болот. Тилекке каршы, микротолкундарды катуу нерселер сиңирип алгандыктан, толкун бергич менен толкун кабылдагыч бири бирине түз радио байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн байланыш спутниги түзөт. Бир нече спутниктин (үчтөн кем эмес) жардамы менен байланышты глобалдык масштабда камсыз кылууга болот. Алгачкы байланыш спутниги 1952-жылы сигналдарды күчөтүү үчүн күн энергиясын колдонуу менен Америкадан Европага телекөрсөтүүнү жүргүзгөн. Спутник жерди бир айланып чыкканда жердеги станциялардын антеннасы 20 мин гана «көргөндүктөн», телеберүүнүн убактысы да ошончо болгон. 1963-жылдан баштап кубаттуу ракеталар курулгандан кийин байланыш спутниги геостационардуу орбиталарга чыгарыла баштайт. Азыркы учурда жер үстүндө он миңдеген телефон байланыштарын камсыз кылуучу, радио жана теле берүүлөрдү трансляциялоочу «Молния- 1, -2, -3», «Интелсат-3, -4» (АКШ) сыяктуу көптөгөн байланыш спутниктери учуп жүрөт.