БАЙЛАНЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ ф и л о с о ф и я д а – мейкиндик­те жана мезгилде бөлүнүп жашаган көрүнүшгөрдүн өз ара шартташы. Адамдын таанып-билүүсү нер­селерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми илимдин негизи анын себеп, натыйжала­рын талдоодон башталат, ал аркылуу мыйзам ­ченемдүүлүктөрдү таап берүүгө мүмкүн болот. Таанып-билүүнүн тарыхында нерселердин жана көрүнүштөрдүн өз ара жалпы байланыш принциби диа­лектиканын негизги жоболорунун биринен, бирок 20-кылымга чейин талкуунун негизги өзөгү өз­ алдынча байланыш түшүнүгү же анын логикалык түзү­лүшү тууралуу эмес, дал ошол өз ара жалпы байланыш принциби катарында болуп келген. Илим ички жана тышкы көрүнүш, зарылчылык жана ко­кустук, негизги жана негизги эмес деген өңдүү анын тар чөйрөсү менен иш жүргүзүп келген. 19–20-кылымдарда коомдук, табигый илимдердин өнүгүшү менен катар түшүнүк бир кыйла кеңейди.

Б. Солтонбеков, Ж. К. Асанов.