БАЙКУШ СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКУШ СЫМАЛДАР (Саргіmіlgі formеs) – фи­логенези үкү сымалдарга жакын куштар түр­күмү. Тумшугу кыска, оозунун кыйыгы чоң. Күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү. Алардан 5 ту­куму, 93 түрү, анын ичинде гуахаро, алп чоң байкуштар жана кадимки байкуштар (козодойлор) белгилүү. Жу­мурткасын ургаачысы жана эркеги басат. Ка­димки байкуштун канаты жана куйругу кыска, жүнү жумшак, түсү коргонуу кызматын атка­рат. Учканда үн чыгарбайт. Көзү чоң. Бутакты бойлой конушат.

Анын 18 уруусу, 70 түрү кеңири та­ралган. Мээлүүн кеңдикте жаша­гандары – келгин куштар. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Кадимки байкуш чыгышта таралган, дене узундугу 28 см ге чейин жетет. Токой четинде, кыйылган токойдо жана токойсуз ээн жерлерде жашайт. Жумурткасын жердеги чуңкурга тууйт. Бала­пандары калың тыбыт менен капталган. Май ко­ңузу менен азыктанат.