БАЙКОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКОО – атайлап, максат көздөп, кубулуш­тардагы мазмун маанини издөө жана изилдөө, сырткы дүйнөнү кабыл алуу. 1) Жаратылышта болуп жаткан өзгөрүштөрдүн жүрүшүн түшүнүүгө мүмкүндүк бере турган кабыл алуу процесси; 2) илимий-изилдөөгө баштапкы материалды берүүчү сырткы дүйнөнү атайылап жана максат көздөп карап үйрөнүү. Ал жөнөкөй жана татаал, түздөн-түз жана эксперимент менен улашып, айрым бир кара­жаттар аркылуу болушу мүмкүн. Бирок экспери­менттен айырмаланып, Байкоо процессинде субъект объектиге өктөм таасир этпейт. Мунун өзү айрым учурда (психологиялык, социалдык ж. б.) анын кемчилиги эмес, артыкчылыгы катары баала­нат. Байкоодо адамдын сезим-туюм органдарынын табигый мүмкүнчүлүгү чабалдык кылган учур­ларда аспаптар, приборлор пайдаланылат.

Ж. К. Асанов.