АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО‒ самолётто же вертолётто орнотулган атайы аппараттардын жардамы менен жер бетиндеги тоо тектердин магниттик, электр-магниттик, индукциялык кубулуштарын изилдөө, кендерди издөө, чалгындоо ыкмасы. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы СССРде (1955-жылы), Швецияда, Канадада жана АКШда иштеп чыгарылган. Кендерди издөөдө, геологиялык съемкада жана гидрогеологиянын кээ бир маселелерин чечүүдө кеӊири пайдаланылат. Аэроэлектрдик чалгындоодо электр-магниттик толкундарды жаратуучу жана таратуучу генератор рамасы пайдаланылат. Учуу мезгилинде рамадан жиберилген электр-магниттик толкундар тоо тек катмарларына, кенташтарга (рудаларга) өтүү менен электр (вихрь) тогун пайда кылып, анын түрдүү даражадагы электр-магниттик толкундары самолёттогу аспаптар аркылуу кайрадан кабыл алынып катталат. Толкундардын интенсивдүүлүгү тоо тектердин ток өткөргүчтүүлүгүнө жараша болгондуктан, ал боюнча ар түрдүү аныктоолорду жүргүзүүгө болот. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы жасалма же табигый электр-магниттик толкундарды колдонуу муктаждыгына карата бир нечеге бөлүнөт.