АЭРОЗОЛДУК БУЛГОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЗОЛДУК БУЛГОО – атмосферанын (абанын) чоӊ жана майда дисперстүү бөлүкчөлөр, ошондой эле суюк заттар менен булганышы. Бул заттар атмосферанын туруктуу курамына кирбейт, бирок табигый концентрациясын арттырат. Аэрозолдук булгоочучу заттарга чаӊ бөлүкчөлөрү, кислота тамчылары, өнөр жайда иштетилип чыккан газдардын моллекулярдык жыйындысы жана башкалар кирет.