АШШУРБАНИПАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШШУРБАНИПАЛ, А ш ш у р б а н а п а л ‒ Ассириянын падышасы (биздин заманга чейин 669‒633-жылдар чамасында). Ассирия мамлекетин сактап калуу үчүн аскердик жана дипломаттык күрөш жүргүзгөн. Ассирияга каршы көтөрүлүш чыгарган Египетке бир катар жортуулдарды жасап, аны багынтса да, Египет Ассириядан биротоло бөлүнүп (655-жылы) кетет. Ашшурбанипал батышындагы Тир менен Арвадды багынтып, чыгыш жана түндүк жагындагы киммерийликтер, скифтер, персиялыктар жана мидиялыктар менен күрөшөт. Биздин заманга чейин 653-жылы Вавилонду башкарып турган өзүнүн иниси Шамашшумукин Ашшурбанипалга каршы көтөрүлүш чыгарат. Биздин заманга чейин 648-жылы Вавилонду каратып, андан кийин анын союздаштарын биринин артынан бирин талкалайт. Өмүрүнүн акыркы жылдарын да (639-жылы) Эламды талкалайт жана арабдарга каршы жортуул жасайт. Ашшурбанипалдын буйругу менен он миӊдеген тарыхый, диний жана илимий жазмалар жыйналган. Ашшурбанипалдын китепканасы Ниневиядагы ( биздин заманга чейин 8‒7-кылымдарда Ассириянын борбору) 1849‒1854-жылдардагы казуулардын жүрүшүндө табылган.