АХУНБАБАЕВ Юлдаш
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АХУНБАБАЕВ Юлдаш [01(13).07.1885, Өзбекстан, Фергана облусу, Маргалаӊ району, Жойбазар айылы ‒ 28. 02. 1943] ‒ мамлекеттик ишмер. Башталгыч мектепте (мусулман) окуган. 1920‒1921-жылдарда Маргалаӊда кедейлер союзунун, 1921‒1925-жылдарда «Кошчу» союзунун төрагасы. 1925‒1938-жылдарда Өзбек ССР Советтеринин БАКтын төрагасы, 1938‒1943-жылдарда Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.