АТОЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТОЛЛ ‒ кууш, тайыз булуӊдарды курчаган, туташ же үзүк-үзүк шакек сымал жапыз шуру (коралл) аралы. Атоллдун негизин суу астындагы жанар тоолордун чокулары түзүп, ички бөлүгүн жайык лагуна ээлейт. Негизинен Тынч жана Инди океандарынын тропиктик кеӊдиктеринде кездешет, кара. Коралл аралдары.