АСМАН НЕРСЕЛЕРИНИН (ТЕЛОЛОРУНУН) ОРБИТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН НЕРСЕЛЕРИНИН (ТЕЛОЛОРУНУН) ОРБИТАСЫ ‒ космос мейкиндигиндеги Күн, жылдыз, планета , астероиддер, комета, жердин жасалма жандоочулары жана башкалардын кыймыл жолу (траекториясы). Асман нерселеринин орбитасынын формасы айлана, эллипс, парабола же гипербола түрүндө болот. Башка нерселердин дүүлүктүрүүчү гравитациялык орбитасынын аракетинен нерсенин сфера түрүндө эместигинен, чөйрөнүн каршылыгынан Асман нерселеринин (телолорунун) орбитасы татаал формага ээ болот.