АСКЕРДИК ТРИБУНАЛДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АСКЕРДИК ТРИБУНАЛДАР– куралдуу күчтөрдөгү аскер кызматкерлерине, аскерге милдеттүүлөргө байланыштуу кылмыш иштерин кароочу соттор. КРдин коопсуздугун жанa анын куралдуу күчтөрүнүн согушуу жөндөмдүүлүгүн, аскердик тартипти жанa аскер кызматын өтөөнүн белгиленген эрежелерин сактоого багытталган. Аскердик трибуналдарда иштерди кароо жалпы соттордогудай эле тартипте жүргүзүлөт.