АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ– мыйзам тарабынан белгиленген Куралдуу Күчтөрдүн катарында аскердик милдет өтөөгө жарандарды чакыруу. Кыргыз Республикасынын жалпы аскердик милдеттүүлүк жөнүндөгү мыйзамына ылайык, анык аскердик кызматка чакыруу республика боюнча жылына 2 жолу өткөрүлүп, негизинен 18 жаштан 27 жашка чейинки курактагы балдар чакырылат. Андан тышкары запаста, аскердик каттоодо турган жарандарды, ошондой эле аскердик абалды киргизүүдө жана согуш мезгилинде мобилизация боюнча чакыруу каралган.