АСЕЙИНОВ Мукун
АСЕЙИНОВ Мукун (05. 06. 1941, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы) – мамлекеттик жана саясий ишмер, Москва шаарындагы кооперация институтун, СССР эл чарба академиясын (1985) бүткөн. Эмгек жолун Каракол шаардык соода тармагында бухгалтер болуп иштөөдөн баштап, 1961-1970-жылдары Каракол, Фрунзе шаардык комсомол комитеттеринде секретарь, 1979-жылы Кыргызстан КП БКнын финансы бөлүмүнүн инструктору, 1972– 1974-жылдары КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу, 1975–1976-жылдары Кыргызстан КП БКнын уюштуруу-партиялык иштер бөлүмүнүн инспектору. 1977–1979-жылдары Талас облусунун Киров райондук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1980-жылы Талас облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1981–1985-жылдары Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун төрагасынын орун басары,
1985-жылы партиянын Тянь-Шань райондук комитетинин 1-секретары, 1986-жылы Кыргыз CCP Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1987–1991-жылдары 1-орун басары, 1991-1996-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары, 1996–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Ирандагы Атайын жанa ыйгарым укуктуу элчиси, 2012-жылдан КРдин Шри-Ланкадагы ардактуу консулу. 1986–1991-жылдары Кыргыз CCP Жогорку Советинин депутаты.
3. Бейшеев.