АРСЫГУЛОВ Жекшеналы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСЫГУЛОВ Жекшеналы (1928-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Төш-Булак айылы) – артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1986). Эмгек жолун 1942-жылы Сокулук районундагы «Төш булак» чарбасында колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1945-жылдан баштап Кыргыз драма театрында артист болуп эмгектенген. Жалпысынан 100дөн ашуун роль ойногон, алардын көрүнүктүүлөрү: Олег Кошевой (А. Фадеев, «Жаш Гвардия»), Эрмек (А. Куттубаев, К. Маликов, «Биз баягы эмеспиз»), Өмүркул (М. Toкобаев, «Кайгылуу Какей»),

Файл:АРСЫГУЛОВ 33.png


Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Жапалак (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов»), Маке чал (Б. Жакиев, «Алтын аяк»), Малабай (Т. Абдумомунов, «Жыгылган

Файл:АРСЫГУЛОВ 34.png
А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» спектаклинен көрүнүш. Шмага – Ж. Арсыгулов, Незнамов – С. Далбаев.

оогонго күлөт»), Эдгар (У. Шекспир, «Король Лир»), Плюшкин (Н. Гоголь, «Өлүү жандар»), Нурмат (А. Осмонов, «Maxaбат»). Бир нече медалдар менен сыйланган.