АРКТИКА ФРОНТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКТИКА ФРОНТУ – арктика абасы менен уюлдук абанын аралыгындагы атмосфералык тилке. Түндүк кеңдиктин 60–75°тарында жайгашкан. Циклондордун таасиринен түштүктү карай оошуп, мелүүн кеңдиктерге чейин жетет. Ошондой эле к. Атмосфера фронту.