АРКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКА (латынча arcus – дого, ийри) – имараттардын, дубалдардын аралыгын түркүктөр, колонналар, пилондор аркылуу бириктирип турган таяныч. Арка – имараттардын архитектуралык маанилүү элементи, конструкциянын тосмолоруна жана стилдин талаптарына

ылайык өзгөрүп турат. XIX кылымдын 2-жарымында арка жаңы өркүндөтүлгөн архитектуралык формалар менен металлдан курулган. Мындай жаңы архитектуралык мүмкүнчүлүк XX кылымда темир-бетон аркаларынын пайда болушуна алып келген. Алар чоң имараттарда, көпүрөлөрдө, спорттук курулуштарда жана метро станцияларынын
интерьерлеринде колдонулат.

Файл:АРКА 64.png
Арканын түрлөрү: 1-жарым циркулярдуу; 2- жылдырма; 3- килевиддүү; 4-така сымал; 5- лопасттуу; 6-көп лапасттуу.
Файл:АРКА 65.png
Париж. Жылдыз аянтындагы триумфалдык арка.