АРИЗОНА КРАТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИЗОНА КРАТЕРИ, Б а р р и н ж е р а к р а ­т е р и – Аризона штатындагы (АКШ) Уинслоу шаарынын жанында. Диаметри 1200 м, тереңдиги 175 м. Метеориттин таасиринен пайда болгон. Аризона кратеринин ичинен жана тегерек четинен метеориттик никелдүү темирдин сыныктары табылган.