АРЕАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЕАЛ (латынча area – аянт, мейкиндик) – жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн белгилүү түрү, уруусу жана тукумунун жер бетинде таралган аймагы. Андагы түр ошол аймактын бардык жеринен кездешсе – т у т а ш, аймакта түрлөр топ-топ болуп бөлүнүп кездешсе – ү з г ү л т ү к т ү ү ареал деп аталат. Ареалдын аянты ар түрдүү, мисалы, ай­рым түрлөр чакан аянтта (тоо чокусу, арал, капчыгай, көл) гана, башкалары өтө кеңири таралып, бир нече материкте, аймакта жашайт. Кээ бир түрлөр (дан өсүмдүктөрү, таранчылар) Жер шарынын бардык булуң-бурчунда тарал­ган. Булар к о с м о п о л и т т е р деп аталат. Аны үйрөнүү фауна менен флораны аныктоодо чоң мааниге ээ. Ареалды изилдөө картага түшүрүү менен жүргүзүлөт.