АРГУМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГУМЕНТ (лат. argumentum – предмет, белги) – 1) ф у н к ц и я н ы н Аргументи – анын маанисине функциянын мааниси көз каранды болгон өзгөрмө чоңдук; 2 )z = x + yi = r (cosφ + isinφ) комплекстүү санынын А-и – тегиздиктеги координаталары х жана у болгон чекитке туура кел­ген г радиус-векторунун абсцисса огу менен түзгөн φ бурчу; 3) башка бир ой жүгүртүүнүн (конвен­ция, теория) чындыгын ырастоого алып келүүчү ой жүгүртүү (же ой жүгүртүүлөрдүн жыйындысы); 4) логикада Аргумент – далилдөөнүн негизи боло турган түшүнүк. Кандайдыр бир жобонун акыйкаттуулугун же жалгандыгын далилдөө үчүн келтирилген пикир.