АРГИШТИ I

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГИШТИ I– Урарту мамлекетинин падышасы (биздин заманга чейин 8-кылымдын 1-жарымы), Мену анын уулу. Аргишти 1нин аскага чектирип жаздырган бир нече жазма даректери азыркы мезгилге чейин жеткен (мисалы, Ассириядагы жана Ван көлүнүн жээгиндеги зоокадагы шынаа сымал жазуулар). Аргишти тууралуу ассириялык жазма даректерде да эскерилет. Анын мезгилинде Урарту Жакынкы Чыгыштагы күч-кубаттуу мамлекетке айланган. Армениядагы Эребуни (азыркы Ереван шаарынын жанында) жана Аргиштихинили чептери Аргишти 1нин убагында курулган.