АРБИТРАЖДЫК СОТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРБИТРАЖДЫК СОТ – ишкана, уюм жана фирмалар ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды териштирип чечим чыгара турган официалдуу мамлекеттик орган. Арбитраждык сот келишим мамилелерине байланыштуу чыккан негизги талаш-тартыштарды жана анда көрсөтүлгөн милдеттердин тараптар тарабынан так аткарылышын карайт. Арбитраждык сот караган иштеринин объектиси болуп, ошондой эле, тышкы соода ж. б. эл аралык экономикалык байланыштар саналат.