АРБАЛЕТ
АРБАЛЕТ- (фр. Arbalete, лат. arcus – жаа, ballista – атуучу курал) – тептирге тартылган жаанын потенциалдык энергиясын колдонуп, жебе, таш менен атуучу курал. Анын атуу аралыгы 50–150 м. Ал болжол менен биздин заманга чейин 4-кылымда Кытайда жасалган, Байыркы Грекияда «гастрофет» деген ат менен белгилүү болгон. 10–16-кылымдарда Европада согуштук Арбалеттер колдонулган. Арбалет жаасы (уз. 1 м) ар кандай жыгачтан, сөөктөн, 15–16- кылымдарда атайын механизм менен атылуучу Арбалеттин жаасы болоттон жасалган. Мындай Арбалеттин сокку күчү 300–500 кг болуп, жаа зоот кийимдерди оңой тешкен. Ошондой эле таш жана чоң жебе атуу үчүн жаасы 1,5–2 м Арбалет пайдаланылган. Акыркы убакта Арбалет аңчылык жана спорттук болуп бөлүнөт. Алардын сокку күчү 35–70 кг.
'