АРАРАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АРАРАТ (түркчө А г р ы д а г –«ийри тоо»; армянча М а с и с – улуу; иранча – «Н о й т о о с у») – Армян тайпак тоосундагы эң бийик жанар тоо массиви. Түркиянын чыгышында (Армения менен Ирандын чек араларына жакын жеринде). Негизи бирге эки конустан – Чоң Арараттан (бийиктиги 5122 м) жана Кичи Арараттан (3896 м) турат. Базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Капталдарында лава, 4250 мден жогору дайыма кар жатат; 30дай мөңгү бар.