АРАЛАШ ТОЮТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛАШ ТОЮТ – сиңимдүү заттарга бай кургак тоют аралашмасы. Концентраттык тоют жана кошумча тоют аралашмасынан атайын ре­цепт боюнча жасалат. Аралаш тоют түрдүү биологиялык активдүү заттар кошулуп жасалса, жагымдуу жана даамдуу болуп, аш болумдуулугу 20–30 %ке жогорулайт. Малды керек азык зат менен камсыз кылып, түрдүү ыландан сактайт. Ал жасалышы боюнча үч түргө бөлүнөт: толук рациондуу, аралаш жем жана белоктуу-витаминдүү кошунду. Аралаш тоюттун курамында 5–8 компонент: арпа, буудай, күнжара, жүгөрү, саман-топон, витаминдүү чөп уну, антибиотик, туз жана башкалар бар. Ал майда, орточо жана кесек түрүндө болот. Аралаш тоют ун, акшак, бүртүк жана брикет түрүндө даярдалат. Бул тоют мал­дын түрүнө, жашына, чарбалык маанисине, кунардуулугуна жараша өлчөм менен берилет.