АРАБАЕВ Эркин Ишеналиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБАЕВ Эркин Ишеналиевич (10. 08. 1924, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары – 23. 03. 1995, Бишкек) – экономист. Экономика илимдеринин кан­дидаты (1956), профессор (1968), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти (1974). 1943-1946-жылдарда комсомолдун Ак-Талаа райкомунун секретары, эмгекчилер депутаттарынын Кочкор райаткомунун жооптуу кызматкери, 1952-жылы К. И. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясын, ошол эле жерден аспирантураны бүтүрүп (1955), кийин анда окутуучу болуп иштеген. 1959-1962-жылдарда Кыр­гыз ССР ИАсынын экономика институтунда дирек­тордун орун басары, 1962-1979-жылдарда К. И. Скрябин атындагы АЧИнин ректору, 1984-жылдан кафедра башчысы, экономика боюнча КИИИнде директорго орун басар, ЖОЖдордо окутуучу болуп иш­теген. Анын айыл чарбасын уюштуруу маселелерине жана экономикасына байланыштуу 70тен ашык илимий эмгеги жарыяланган. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин үч жолку депутаты (1967-1980). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.