АПИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПИС– байыркы Египеттеги «касиеттүү» бука. Птаха кудайынын жаны катары эсептелген. Кийин Осирис жанa Ра кудайлары менен байланыштырылган мифтер кездешет. Биздин заманга чейин 3-миң жылдыкта түшүмдүүлүктүн пири катары сыйынышкан. Ал көп малдын ичинен өзгөчө белгилери боюнча тандалып, өзүнчө багылган. Диний жөрөлгөлөрдү аткарууда пайдаланылып, өлгөндөн кийин аны ардактап көмүшкөн (Мемфистин жанындагы Серапеум катакомбасынан 64 му­мия табылган).