АНТРОПОЛОГИЯЛЫК ТИПТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОЛОГИЯЛЫК ТИПТЕР– дене түзүлүш белгилеринин мурас болушу жагынан жалпылыгы бар, теги бирге адамдардын топтору. Ке­ңири мааниде алганда Антропологиялык типтер адамзат расаларынын синоними болуп эсептелет. Бирок, көбүнчө Антропологиялык типтер деп антропологиялык классификациянын бир чоң расага (европеоид, монголоид, негроид ж. б.) тийиштүү майда бөлүкчөлөрүн аташат.