АНТРОПОЗООНОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОЗООНОЗДОР (антропо... жана гр. zoon — жаныбар, nosos – оору, ылаң, илдет), з о о а н т р о п о н о з д о р – адам менен малга жалпы тиешелүү жугуштуу жана инвазиялуу оору, ылаң. Буга туберкулёз, сибирь кулгунасы, бруцеллёз, шарп, кутурма, чума, туляремия, эхинококкоз, трихинеллёз жана башка кирет. Алардын козгогучу ыландаган же таза малда да болот. Ылаң адам­га көбүнчө малдын кайнатылбаган сүтүн, чала бышкан этин пайдаланганда, ылаңдуу малды бакканда, ветеринариялык жардам көрсөтүүдө жана башкада жугат. Антропозоноздордон айырмаланып зооноздор малдын (бодо мал, кой, эчки, чочко жана башка) гана ылаңын козгоп, адамга жукпайт. Антропозооноздордун көбүнүн (тулярере­мия, чума жана башка) табигый очогу – ылаң чыккан жер. Анда ьлаң козгогуч жаныбарлардын (суур, чычкан, курт-кумурска жана башка) биринен экинчисине өтүп сакталат. Алдын алуу: Антропозооноздорду өз убагында аныктап, оорунун очогун жок кылуу, илдеттүү малды бөлүп багуу, вакциналоо, кан сары суусун куюу, карантин чектөө.