АНОРТОЗИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АНОРТОЗИТ (аты анортит минералынан келип чыккан) л а б р а д о р и т, о л и г о к л и з и т, п л а г и о к л а з и т – орто жана негиздүү плагиоклаздан турган, габбро тобундагы магма тоотеги. Анортозиттин курамында кошунду катарында пироксен, оливин, магнетит, титаномагнетит ж. б. болот. Өңү ак, боз, күңүрт кара, кээде көк жана көгүш келип, кубулуп турат. Анортозиттин кубулган түрлөрү эстелик жасоо жана имараттарды кооздоо үчүн пайдаланылат.
АНОФТАЛЬМ
АНОФТАЛЬМ (ап... жанагр. ophtalnios – көз) – бир же эки көздүн жоктугу. Ал көбүнчө көз оор майып болгондо же катуу оорудан кийин аны хирург, операция жолу менен алып таштаганда болот. Айрым учурда тубаса да болушу мүмкүн.