АННАЛЧЫЛАР
АННАЛЧЫЛАР – жыл сайын болгон окуяларды баяндап жазуучу байыркы рим тарыхчылары. Анналчылардын чыгармалары патриоттук багытта жазылгандыгы менен айырмаланган. Алар улуу (биздин заманга чейин 3–2-кылымдын 1-жарымы), ортончу (биздин заманга чейин 2-кылымдын 2-жарымы) жана кенже (биздин заманга чейин 1-кылымдын 1-жарымы) анналчылар болуп бөлүнөт. У л у у а н н а л ч ы л а р анналдарды, фасталарды, үй-бүлө хроникаларын, өз көзү менен көргөн кишилердин айтып бергендерин жана өз байкоолорун пайдаланышкандыктан, жазгандары чындыкка жакын болгон. Алар негизинен грек тилинде жазышкан. Улуу анналчылардан Квинт Фабий Пиктор, Л. Цинций Алимент, М. Порций, Катон Старший жана башкалар өзгөчө белгилүү. Ортончу анналчылар улуулар пайдаланган булактардан эле пайдаланышкан, бирок баяндоолорун кызыктуу, күлкүлүү окуяларды кошуу (Л. Кассий Гемина), мифтерди түшүндүрүү аракеттери менен (Л. Кальпурний Пизон) күчөтүшкөн. К е н ж е анналчыларга Клавдий Квадирагарий, Валерий Анциат, Элий Туберон жана башкалар кирет. Ортончу жана кенже анналчыларга латын тилинде жазышкан. Анналчылардын чыгармалары бизге чейин келип жеткен.