АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ – касиеттери (деформациялык, электрдик, жылуулук, магниттик, оптикалык ж. б.) түрдүү багыттар боюнча бирдей эмес тоо тектер. Минералдардын жана тоо тектин анизотропиялуулугу тоо тектердин микрокатмарланууга, бүртүкчөлөрдүн жана кристаллдардын иреттүүлүгүнө жана микрожаракалуулугуна байланыштуу. Тоо тек массивдеринин аназотропиясы ири структуралык элементтердин иреттүү жатышы менен аныкталат; тоо-кен иштерине киришүүдө, бузуу ыкмаларын тандоодо деформациялык анизотропиянын мааниси зор; ал кысууда жана чоюууга бышыктык чегине же деформация модулуна карата аныкталат. Мисалы, көмүрдүн деформациялык модулу 1,22, кумдуктуку 1,28, алевролиттики 1,61.