АНДРАШИ ДЬЮЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДРАШИ ДЬЮЛА (03. 03. 1823, Кашау – 18. 02. 1890, Волоска) – венгриялык мамлекеттик жана саясий ишмер; граф. Венгриядагы 1848–1849-жылдардагы революциянын жетекчилеринин бири, венгриялык революциялык өкмөттүн Константинополдогу дипломатиялык өкүлү. Революция жеңилгенден кийин Францияга эмиграцияга кетип, сырттан эле өлүм жазасына тартылган. 1857-жылы амнистия боюнча Венгрияга кайтып келип, император Франц Иосифке берилгендигин далилдеп, ант берген. Австрия-Венгрия монархиясынын түзүлүшүнө алып келген 1867-жылдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышкан.1867–1871-жылдарда Венгриянын Министрлер Советинин алгачкы төрагасы, 1871–1879-жылдарда Австрия-Венгрия империясынын тышкы иштер министри болуп иштеген.