АНАМНЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАМНЕЗ (гр. anamnesis – эстөө) – ден соолугу, жашоо шарты, мурда кандай оору менен ооругандыгы жана башка жөнүндө бейтап өзү же аны жакшы билген адамдар билдирген маалымат жыйындысы. Дарыгер дарттын диагнозун туура коюу жана дарылоо үчүн пайдаланат. Анамнез – дартты так табууга мүмкүндүк берүүчү изилдөө ыкмасы.