АЛЬП ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬП ӨСҮМДҮКТӨРҮальп алкагында өскөн бийик тоо өсүмдүктөрү. Жапыз өскөн шалбаа (дан өсүмдүктөрү, ыраң, примула жана башка), калың өскөн бадалча (рододендрон жана башка) өсүмдүктөрү басымдуу. Альп өсүмдүктөрү Альп, Кавказ, Алтай, Теңир-Тоо, Гималай жана башка тоолорго мүнөздүү.