АЛЬБОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЬБОМ (французча album – ак таблица, тизмек) – сүрөт тартуу, марка чаптоо, фотосүрөттөрдү сактоо, ырларды көчүрүп жазуу жана башка максаттар үчүн колдонулуучу таза барактуу китеп же дептер (мисалы, үй-бүлөлүк альбом); көп учурларда түшүндүрмө жазуу менен коштолуп, китеп түрүндө басылып чыккан репродукция, фотосүрөт, чиймелердин жыйнагы. Учурда заманбап технологиялык каражаттардын өнүгүүсүнүн натыйжасында мобилдик телефондон же компьютердин жардамы менен да ар түрдүү автордук баракчаларды жасаса болот.

Файл:Альбом.jpg
Сүрөт тартуу үчүн альбом
Файл:Үй бүлө.jpg
Үй-бүлөлүк альбом