АЛМАШТЫРЫЛУУЧУ ФАЙЛ,СВОП ФАЙЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛМАШТЫРЫЛУУЧУ ФАЙЛ, СВОП ФАЙЛ - (Swap file-Файл подкачки, файл свопинга). Windows иштетүү системасында тез эске батпай калган программа жана берилиштердин бөлүгүн сактоодо колдонулган катуу дисктеги жашырылган файл. Алмаштырылуучу файл жана тез эс биригип виртуал эсти түзөт. Зарыл болушуна жараша Windows берилиштерди алмаштырылуучу файлдан тез эске (аларды програмда колдонуу максатында) жана тескерисинче (жаңы берилиштерге орун бошотуу үчүн) которуп турат. Алмаштырылуучу файл ошондой эле виртуал эстин файлы деп аталат.


Файл:АЛМАШТЫРЫЛУУЧУ ФАЙЛ,СВОП ФАЙЛ.jpg