АЛМАЗДУУ АСПАПТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Айнек кесүүчү алмаз аспап

АЛМАЗДУУ АСПАПТАР‒ кесүүчү бөлүгү табигый же синтетикалык алмаздан жасалган жабдыктар. Ага жылмалоочу чарык, өгөө, алмаздуу кескич, кайрактуу (абразивдүү) аспаптарды курчута турган калем жана чыгырык (ролик), бургулоо аспаптары кирет. Аларды жасоодо күкүм же кристалл түрүндөгү алмаздар пайдаланылат. Колдонулушуна жараша алмаз күкүмдөрү органикалык ийилгич (резиналык), металл жана башка байланыштыргычтары менен бириктирилет. Мында 100%түү кошулманын 1 мм3 катмарында 0,878 мг алмаз болот. Алар менен катуу куймалар, түрдүү конструкциялык (кварц айнеги, карапа жана башкалар) жана курулуш материалдары (бетон, мрамор, гранит) иштетилет.

Файл:Оптика.jpg
Оптика үчүн алмаз аспаптары
Файл:Алмаз.jpg
Жыгач иштетүүчү алмаз аспаптар
Файл:Камень.jpg
Таш иштетүүчү алмаз аспаптар