АЛЕУТ ДЕПРЕССИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕУТ ДЕПРЕССИЯСЫ ‒ Тынч океандын түндүк бөлүгүндөгү аба басымы төмөн болгон чоӊ аймак; борбордук Алеут аралдары тушта. Түндүк жарым шардын атмосфералык таасир тийгизүү борборлорунун бири. Негизинен кышында, басымдуулук кылган циклондорго байланыштуу пайда болот.