АЛГЕБРАНЫН НЕГИЗГИ ТЕОРЕМАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЛГЕБРАНЫН НЕГИЗГИ ТЕОРЕМАСЫ ‒ коэффициенттери комплекстүү сандар болгон каалагандай алгебралык теӊдеменин комплекстик сандар талаасына тиешелүү тамыры бар экендиги жөнүндөгү теорема. Теорема азыркыдан башкача айтылышта, голландиялык окумуштуу А. Жирар (1629) менен франциялык философ Р. Декарт (1637) тарабынан далилденген. Шотландиялык окумуштуу К. Маклорен менен швейцариялык окумуштуу Л. Эйлер кийинки даражасына жеткиришкен.