АЛА ШАЛБЫРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА ШАЛБЫРТ ‒ кыштын соӊу, жаздын башталышында абанын температурасы нөлдөн жогорулай баштаганда кар эрип, жер ала-телек болгон мезгил. Кардын суусу агып кетүүгө үлгүрө электе баскан жерлер ылайга айланып, баткак баскан учур. Талааларда эрип жаткан кар, жер кыртышы сууга каныгып турган абал.