АККРЕЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККРЕЦИЯ (лат. accretio – кеңейүү) – гравита­циялык күчтөрдүн таасиринен заттардын гра­витациялык тартылышы жана андан ары кос­мос нерсесине түшүшү. Аккреция учурунда гравитация­лык жогорку өлчөмдөгү энергия бөлүнүп чыгып, андагы газдар эң жогорку температурага жетет да, рентген нурлануулары пайда болот. Азыркы мезгилде Күндө 500дөн ашык рентген нурлануу­ларынын булактары белгилүү.