АКИТАШ ТЕГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКИТАШ ТЕГИ негизинен кальцит (кээде ара­гонит) минералынан (Са С03) турган чөкмө тоо ­тек. Курамында кальциттен башка доломит, чопо, кварц, лимонит, глауконит, органикалык заттар ж. б. кездешет. Акиташ теги бардык геологиялык мезгилдердин чөкмө тоо тек катмарларынан жолуктурууга болот. Курулуш ишинде, цемент даярдоодо, ме­таллургияда (флюс катары), агрономияда (кыч­кылданып кеткен кыртышты нейтралдоодо) жана эл чарбасынын башка тармактарында пай­даланылат. Акиташ теги метаморфизм процессине дуу­шар болсо – мраморго, бышырылса – акиташ­ка айланат.