АК ҮЙЛҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК ҮЙЛҮҮ ‒ 1) байыркы жана орто кылымдарда көчмөн элдерде колдонулган эреже-салт. «Ак» (арабча «хак» – чыныгы, анык) «үйлүү» деген сөз менен «чыныгы бүлө» деген маани берет. Айрым сөздүктөрдө «аманат» деген сөз менен маанилеш каралган учурлар кездешет. Бирок булар эки башка түшүнүк. Тигил же бул уруу же элди баш ийдирип туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимди бузбоо үчүн бийлик башындагы тектүү (хан, бий) адамдардан же алардын балдарын кепилдикке берүү (алуу). Мындай эреже-салт байыркы кытай династияларына тиешелүү хроникаларда жана орто кылымдардагы араб-перс жазма эстеликтеринде кеңири кезигет. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай салт «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Кыргыз санжырасында Тагай бийдин Эреше хандын алдында «ак үйлүү» болуп жүргөнү айтылат; 2) Казактарда жер оодаруу, көчүрүү маанисинде, ал эми түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.

Ад.: Будагов Л. Сравнительный словарь турецко-татарских наречий. СПб., 1869. Т. 1; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Бишкек, 1993; Бичурин (Ианкиф) Н. Я.  Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.-Л., 1950. Т. I; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999; Толстов С. П. К истории древнетюркской социальной терминологии. //Вестник древней истории. М., 1938. № 1(2).